01.04.2021 №97 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. И. Бакировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
М. И. Бакировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбековичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 30-мартындагы №304-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалган.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишке өтүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Мирлан Исакбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1- апрели
№ 97