“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсүнө жана өз каалоолору боюнча комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө А.С.Назарбаевдин, О.И. Эрдоолатовдун арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынан Назарбаев Абдунаби Салыевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Эрдоолатов Омек Имаралиевич чыгарылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 21-сентябры
№ 97