“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жана “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 токтомдун тиркемесине Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоону дайындоо боюнча бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин: 2017-жылдын 27-январынан 2017-жылдын 3-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейин.
- Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 18-январы
№ 13