№ 30 2017-жылдын 20, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29, 30 - январында өткөн айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 жана           14-январдагы №10 токтому менен дайындалган Талас облусунун Манас районунун  Покровка, Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн, Кара-Буура районунун Көк-Сай, Маймак, Ак-Чий, Аманбаев, Бакайыр, Чолпонбай, Кара-Буура айыл өкмөттөрүнүн, Бакай-Ата районунун Оро, Боо-Терек, Ак-Дөбө, Миң-Булак, Өзгөрүш, Ак-Назаров, Шадыкан, Кең-Арал  айыл өкмөттөрүнүн, Талас районунун Көкөй, Бердике-Баатыр, Нуржанов, Долон, Калба, Карасуу, Омуралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 24, 25, 26, 27 жана  30 -январында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4, 10-январындагы № 7, 14-январындагы №10 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное, Тепке, Кереге-Таш, Боз-Учук, Ак-Булуң, Теплоключенка, Эңильчек, Каракол, Челпек, Ак-Чий айыл өкмөттөрүнүн, Тоң районунун Күн-Чыгыш, Б.Мамбетов, Тоң айыл өкмөттөрүнүн, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Садыраке айыл өкмөттөрүнүн, Түп районунун Ак-Булун, Кудургу, Ак-Булак, Сан-Таш, Арал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 20, 23, 24, 25, 26, 27, 28-январында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4,                                 10-январындагы № 7, 14-январындагы №10 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чаек, Баш-Кууганды, Кабак, Миң-Куш, Байзак айыл өкмөттөрүнүн, Нарын районунун Миң-Булак, Орток, Жерге-Тал, Достук, Дөбөлү, Учкун, Чет-Нура, Он-Арча, Эмгек-Талаа башчыларын шайлоо 2017-жылдын 25, 26, 27, 28, 29, 30-январында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4,                      10-январындагы № 7 жана 14-январындагы №10  токтомдору менен дайындалган  Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Вознесеновка, Чалдыбар, Күрпүлдөк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин, Ильич, Чоң-Кемин, Боролдой айыл өкмөттөрүнүн, Жайыл районунун Сары-Булак, Талды-Булак, Кара-Суу, Суусамыр айыл өкмөттөрүнүн, Аламүдүн районунун Ленин, Ак-Дөбө, Октябрь, Васильевка, Маевка, Төмөнкү-Аларча айыл өкмөттөрүнүн, Сокулук районунун Саз, Таш-Булак, Төмөнкү-Чүй, Камышановка, Гавриловка, Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 24, 25, 26, 27, 30 - январында өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4, 10-январындагы № 7 жана 14-январындагы №10  токтомдору менен дайындалган  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен шаарынын мэрлерин, Кадамжай районунун Чаувай, Үч-Коргон, Марказ, Масалиев, Бирлик, Орозбеков, Алга, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн, Баткен районунун Суу-Башы, Кара-Булак, Кара-Бак, Дара, Төрт-Көл, Кулунду айыл өкмөттөрүнүн, Лейлек районунун Тогуз-Булак, Катран, Лейлек, Сумбул, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кулунду айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 20, 23, 24, 25, 26, 27, 30 - январында өткөрүлгөн.

Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас,  Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл, Түп Жумгал, Нарын, Нарын шаарынын, Панфилов, Кемин, Жайыл, Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Баткен, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары  жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2017-жылдын 20, 23, 24, 25, 26, 27, 28,29, 30 - январында өткөн айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо болуп өттү деп табылсын.

2.  Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитилсин.

3. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017 жылдын 2 февралы

№ 30