№50 Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Жалал-Абад облусунун ....
Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы № 35 токтому менен 2018-жылдын 7- мартына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-февралындагы №37 токтому менен 2018-жылдын 7-мартына дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 17-февралындагы № 35 токтому менен 2018-жылдын 2- мартына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Кемин, Москва, Кара-Суу, Тоң, Ак-Талаа жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 7-мартындагы Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бейшеев Эркинбек Кыдыргычевич табылсын.
2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Абласов Бактыбек Жолдошбаевич табылсын.
3. 2018-жылдын 7-мартындагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Баги Ибрагим Юшизович табылсын.
4. 2018-жылдын 7-мартындагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бектиров Тыныч Кочкорович табылсын.
5. 2018-жылдын 7-мартындагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
5.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кутуев Памир Абыкаевич табылсын.
6. 2018-жылдын 7-мартындагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
6.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
6.2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кулов Алмазбек Тоболекович табылсын.
7. 2018-жылдын 2-мартындагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
7.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
7.2. Жалал облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Садыков Болотбек Жоробекович табылсын.
8. Кемин, Москва, Кара-Суу, Тоң, Ак-Талаа жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 13- марты
№ 50