Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо аймактык шайлоо комиссиялары жол берген укук бузууларга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43, 48, 49-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2013-жылдын 1-февралындагы протокол жокко чыгарылсын.
2. Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2013-жылдын 28-январындагы протокол жокко чыгарылсын.
3. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2013-жылдын 29-январындагы протокол жокко чыгарылсын.
4. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2013-жылдын 28-январындагы протокол жокко чыгарылсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 11-марты
№ 30