Талапкер Н. Нусубалиеванын жана Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн жумушчу топтун справкасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2013-жылдын 12-мартындагы № 35-токтому менен 2013-жылдын 29-январындагы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору жокко чыгарылган. БШКнын 2013-жылдын 12-мартындагы № 48-токтому менен 2013-жылдын 15-апрелине дайындалган аталган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо талапкер Н.Нусубалиеванын маселеси бир жактуу чечилгенге чейин убактылуу токтотулган. Түгөл-Сай айылдык кеңеши 2012-жылдын 7-декабрындагы №6 токтомун жокко чыгаруу менен Н.Нусубалиеванын депутаттык ыйгарым укуктары калыбына келтирген. Жумгал райондук сотунун 2013-жылдын 23-сентябрындагы аныктамасы менен доогер Н. Нусубалиеванын доо арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган.
Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын 2013-жылдын 17-июлундагы Улахол айыл өкмөт башчысын шайлоону шайлоо мыйзамдарын бузуу менен өткөргөндүгү үчүн БШКнын 2013-жылдын 24-июлундагы № 129-токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору жокко чыгарылган жана Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамы шайлоо мыйзамдарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн таркатылган. 2013-жылдын 26-сентябрындагы БШКнын №151-токтому менен Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы бекитилип, айыл өкмөт башчысын шайлоону өткөрүүгө шарт түзүлдү.
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу “Первомайский” айыл өкмөтүнүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2013-жылдын 30-сентябрында аяктаган.
Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Баялиев З.М. Чүй айылдык кеңешинин макулдугунун негизинде Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 184-тк тескемеси менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Джанчыкулов К.А. өзүнүн берген арызынын негизинде Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 35/VI буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын:
- Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо,
- 2013-жылдын 30-октябрына дайындалсын.
2.Жумгал, Тоң, Сокулук, Чүй, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ Г. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш, 2013-жылдын 16-октябры
№ 155