Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2014-жылдын 12-апрелинде ПЖ №65 Жарлыгынын 2,3-пункттарына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 1 224 500 (бир миллион эки жуз жыйырма төрт миң беш жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы финансылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 8-апрели
№ 56
| Кыргыз Республикасынын | ||||||
| Шайлоо жана референдум өткөрүү | ||||||
| боюнча борбордук комиссиясынын | ||||||
| 2014-жылдын 8-апрелиндеги | ||||||
| № 56 токтому менен бекитилди | ||||||
| Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык | ||||||
| кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө | ||||||
| Кара-Суйского района Ошской области Кыргызской Республики. | ||||||
| чыгамдардын сметасынын жыйындысы | ||||||
| өздүк эсептин коду | жыйынды | |||||
| ведомстволук классификациянын коду | ||||||
| функционалдык классификациянын коду | ||||||
| РОК аталышы | ||||||
| эконом | статьялардын аталыштары | 2014-жылга | анын ичинде: | |||
| классиф | карата | I-квартал | II-квартал | III-квартал | IV-квартал | |
| деңгээлдери | ||||||
| 2111 | Эмгек акы | 110 300 | 110 300 | |||
| 2121 | Соцфондго чегерүүлөр 17,25% | 19 000 | 19 000 | |||
| 2211 | Кызматтык иш сапарларга чыгымдар | 236 000 | 236 000 | |||
| 2212 | Коммуналдык чыгымдар (байланыш менен тейлөө) | 27 000 | 27 000 | |||
| 2213 | Ижарага төлөмдөр | 20 000 | 20 000 | |||
| 2214 | Транспорт чыгымдары | 11 700 | 11 700 | |||
| 2215 | Башка чыгымдар | 757 500 | 757 500 | |||
| 2222 | чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу | 43 000 | 43 000 | |||
| Бардыгы | 1 224 500 | 1 224 500 | ||||