№71 Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 03-майындагы №56 токтому менен 2019-жылдын 22-майына дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 22-майындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Шамшидин уулу Эсенбек табылсын.

2. Чүй аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовгожүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 27-майы 
№71