№ 115 Чүй облусунун Жайыл жана Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жайыл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө С.Т.Жунусовдун, Б.С.Исраиловдун жана Э.С.Ромазанованын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Чүй облусунун Жайыл  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исраилов Балкабек Сыдыкбекович, Ромазанова Эльвира Сагитовна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Туркменов Жаныбек Распекович, Джолдобаева Назира Болотбековна киргизилсин.

2.  Ош  облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жунусов Султанбек Тайырбекович чыгарылсын;

-  комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ботобаева Уларкан Махсудовна киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн. 

 

    ТӨРАГА                                                                      Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 21 – июну

№115