Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 – беренесинин 4 – бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2, 19 – пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Абдыраманов Шайырбек Сансызбаевич, 1968-жылы туулган, жеке ишкер;
-Кочкоров Абдусаттар Максүтович, 1963-жылы туулган, “Портландцемент” ЖЧК директору;
-Сулайманов Арслан Эрназарович, 1978 –жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Сарыков Батырбек Жунусович, 1973-жылы туулган, жеке ишкер;
-Оморов Куттубек Береналиевич, 1967 – жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Бакиров Пархад Шералиевич, 1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Кошназаров Абдисултан Абжапарович, 1967-жылы туулган, “Орон-Терек и К” ЖЧК директору;
-Абдырасулов Азамат Акынбекович, 1983-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 1- август 2011-ж.
№ 72