№278 Чүй облусунун Токмок, Ысык-Ата; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: С.А. Абдыжапарованын, Р.И. Дунганаеванын, А.Б. Абировдун, А.С. Торокулованын, Н.Т. Темирбековдун,  Б.К. Ниязовдун, В.Н. Галимованын комиссиялардын курамынан, А.К. Идинованын, С.Ч. Эсенгожоевдун комиссиялардын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 21-июлундагы сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аскарбек уулу Айдар, Ибраева Махабат Байкаловна, Дуйшеналиев Бакыт Мырзабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Идинова Айгуль Карабековна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алыбаева Гульзат Таалайевна, Мартынова Наталья Михайловна, Ниязова Нурия Асымжановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыжапарова Сайкал Азаматовна, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дунганаева Раиса Ибрагимовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абиров Алмазбек Байгараевич, Торокулова Асель Суйунбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абазганова Айнагуль Кабылбековна, Шеримбеков Руслан Теңирбергенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Кыргызстан үй куруучулардын партиясы” Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Темирбеков Нурдин Темирбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ниязов Бердалы Карабекович, Галимова Венера Найыловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эсенгожоев Самат Чоробаевич комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жумаева Айдай Меркебаевна, “Республика - Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Болокбаева Гулмира Маданбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусабаев Уланбек Сүйүнбаевич, Чунгулов Авас Каныбекович, Нурбекова Акзыйнат Нурбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 25 -июлу
№ 278