09.06.2021 № 376 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 226 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Тиллабаев Жылдызбек Абытович, Жаныбеков Бөкөмбай Жаныбекович, Жусупов Арзибек Мураталиевич катталган. Талапкерлер Шарк айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Жоош айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Ж.А. Тиллабаев - 23 добуш, Б.Ж. Жаныбеков – 5 добуш,  А.М. Жусупов– 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Тиллабаев Жылдызбек Абытович Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 8 талапкер – Абдырахманов Кушбак Умарович, Чодонов Адылбек Орозбаевич, Джунусов Амирбек Абдалинович, Макамбаев Сталбек Абибиллаевич, Сеитов Абубакир Ажимаматович, Акимов Муратбек Абдусаламович, Батыров Алмасбек Салиевич, Раимбердиев Мухтар Кахарович катталган. Талапкерлер Сарай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Шайлоо эки турда өттү. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен  Сарай айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, биринчи турунда,
 К. У. Абдырахманов – 12 добуш, А.О. Чодонов – 4 добуш,  А.А. Джунусов – 11 добуш, С.А. Макамбаев – 0 добуш, Сеитов А.А. – 4 добуш, М.А. Акимов – 0 добош, А.С. Батыров – 0 добуш, М.К. Раимбердиев – 0 добуш, «бардык
 талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген,
экинчи турунда, К.У. Абдырахманов - 15 добуш, А.А. Джунусов - 16 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Джунусов Амирбек Абдалинович Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 5-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Тиллабаев Жылдызбек Абытович Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Джунусов Амирбек Абдалинович Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 376