№415 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ысык-Көл облусунун Түп, Нарын облусунун Нарын, Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Л.А. Жээналиеванын, М.Ж. Жанбосунованын, Н.Э. Жакыпбекованын, А.А. Байгубатовдун, Н.М. Касымбековдун, Ж.А. Бадировдун, Т.К. Казыбаевдин, У.А. Алымкуловдун, Д.С. Джумабаеванын, Ж.А. Алмазбекованын комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 17-августундагы № 3 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шадиева Малика Умарджановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шербаева Зувайда Эрмаматовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шамшиева Динара Равшанбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асанбаев Жакшыбек Асанбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Алиаскарова Гулмира Абыловна, “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жээналиева Лира Абдыбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жанбосунова Мээрим Жанбосуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымжанова Венера Дюшакиновна, Макарова Анна Александровна, Матаева Фатима Джумабаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бектурова Гүлжан Желденовна, Жакыпбекова Назгүл Эсенбековна, Байгубатов Азизбек Аманович, Дүйшекеев Чынгыз Кадыралиевич, Райымбаева Үмүт Тураровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Акшумкар” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Муталипова Мирзат Муталиповна, “Республика” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Бекжан кызы Чолпон,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Байтоков Сыдык Арзыгулович, Акитаева Асылкан, Ажыгулова Эркингүл Жусуповна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Касымбеков Нурбек Макулбекович, “ Кыргызстан коммунисттик партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бадиров Жамилдин Ахлидинович, “Республика - Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Казыбаев Тыныбек Кыдырмаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джаналиева Айнура Нурмамбетовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жунушова Назгуль Айдаркановна, Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымкулов Улан Абдырашитович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумабаева Диляра Султановна, Алмазбекова Жыпар Алмазбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джаманкулова Мира Кокуловна, Кенебаева Алия Ахметовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын  5-сентябры 
№ 415