№44 Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-мартындагы №22 токтому менен 2019-жылдын 2-апрелине дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 -беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 2-апрелиндеги шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Джунушев Бактыбек Кадырбекович табылсын.
2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 10-апрели
№44