09.06.2021 № 381 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол; Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо, бир дагы катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланбай калган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор жана Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 23-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 23-июнуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Кара-Кулжа жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну
№ 381