Чекиров Омурзак Жумашевичтин, Султанов Тынчтык Жаанбаевичтин, Кусеинова Бактыгуль Акиевнанын, Темирбекова Кундуздун, Рысбеков Адилеттин, Назаркулова Элиза Жумагулбековнанын, Усубалиева Кундуз Дюшековнанын, Давлетова Гулмира Ариповнанын, Абдырашитова Алымкандын, Оморова Насира Раимбаевнанын арыздарынын негизинде, Ойчуев Сапарбек Айлыкуловичти Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айылдык кеңешинин депутаттыгына шайлоого байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6-,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-,7-пунктуна, 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболорго ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Чекиров Омурзак Жумашевич чыгарылсын - “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан;
- резервден комиссиянын курамына Жолдошбеков Акылбек Жолдошбекович киргизилсин - «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» республикалык коомдук-саясий партиясынан.
2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын: Султанов Тынчтык Жаанбаевич – “Туран” саясий партиясынан, Кусеинова Бактыгуль Акиевна – “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынан” ;
- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Бабышов Акбар Саламатович - «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан, Урсеитова Кулайпа Алиевна - «Улуттар биримдиги элдик партиясы” саясий партиясынан.
3. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Темирбекова Кундуз, Рысбеков Адилет, Назаркулова Элиза Жумагулбековна чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын резервинен Усубалиева Кундуз Дюшековна, Давлетова Гулмира Ариповна, Абдырашитова Алымкан чыгарылсын;
- резервден комиссиянын курамына Мамакеев Шаршенбай Даниярович, Касымалиев Ниязбек Касымалиевич, Жумалиева Айгул Бакасовна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Оморова Насира Раимбаевна чыгарылсын -«Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан;
- резервден комиссиянын курамына Кокоев Жалил Бегимкулович киргизилсин - «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан.
5. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Ойчуев Сапарбек Айлыкулович чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын курамына резервден Пазылова Рысгул Кенжебаевна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ Г. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-ноябры
№ 162