“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Республика” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталсын.
2. “Республика” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.С.Темировго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 8-июлу
№9