02.11.2020 №284 2020-жылы 26-октябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 26-октябрдаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын

12-октябрда № 251 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер Ахматов Бактыгул Сооромбаевич катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 26-октябрдагы протоколу менен Ананьев айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 15 депутаты катышып катышып, Б.С. Ахматов 15 добуш алыган, «бардык талапкерлерге каршы»  позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 26-октябрдагы протоколу менен Ахматов Бактыгул Сооромбаевич Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 

Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 26-октябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ахматов Бактыгул Сооромбаевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Ананьев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  02 -ноябры

284