15.06.2021 № 469 2021-жылы 3, 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма, Курманбек, Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу

2021-жылы 3, 4 жана 7-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма, Курманбек, Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу

протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 3, 4 и 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 221 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Сузак районунун Кара-Алма, Курманбек, Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Анаркулов Ойрот Ажибаевич, Назанов Алмаз Аширбекович, Калмаматов Куштарбек Калмаматович катталган. Талапкерлер Кара-Алма айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Кара-Алма айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, 1 турда: О. Анаркуловго – 5 добуш,                  А. Назановго – 4 добуш,  К. Калмаматовго – 2 добуш;  2 турда: О. Анаркуловго – 6 добуш, А. Назановго – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Анаркулов Ойрот Ажибаевич Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Тугойбеков Нурсултан Тугойбекович, Бакиров Даирбек Мейлиевич, Турушова Меринса Абдиманоповна катталган. Талапкерлер Курманбек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Курманбек айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: Н. Тугойбековго – 9 добуш,                Д. Бакировго – 7 добуш, М. Турушовага – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш;  2 турда: Н. Тугойбековго – 13 добуш,                     Д. Бакировго – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги, 1 жараксыз бюллетени белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Тугойбеков Нурсултан Тугойбекович Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Бобошев Талантбек Абдуллаевич, Абдыкалыков Амирбек Касымбекович, Мамбеткулов Рыскелди Торогелдиевич катталган. Талапкерлер Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кыз-Көл айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Т. Бобошевге – 13 добуш,                                       А. Абдыкалыковго – 8 добуш,  Р. Мамбеткуловго – 0 добуш  берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Бобошев Талантбек Абдуллаевич Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Султанов Шабданбек Камчыбекович, Салиева Айсалкын Пазыловна, Карабаева Гулбарчын Исираиловна, Гайипов Муса Абабакирович, Сайитбеков Нурлан Авийевич катталган. Талапкерлер Барпы айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Барпы айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1 турда: Ш. Султановго – 1 добуш,                    А. Салиевага – 1 добуш, Г. Карабаевага – 1 добуш, М. Гайиповго – 13 добуш,      Н. Сайитбековго – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –          1 добуш;  2 турда: М. Гайиповго – 13 добуш, Н. Сайитбековго – 17 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Сайитбеков Нурлан Авийевич Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Курбанов Темур Дастанбекович, Калмурзаев Азаматбек Тиллабалдыевич, Шералиев Шухратилла Жунусалиевич, Азимов Равшанбек Гапарович катталган. Талапкерлер С. Атабеков айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен С. Атабеков айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1 турда: Т. Курбановго – 0 добуш,                     А. Калмурзаевге – 10 добуш, Ш. Шералиевге – 15 добуш, Р. Азимовго – 6 добуш;  2 турда: А. Калмурзаевге – 13 добуш, Ш. Шералиевге – 18 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Шералиев Шухратилла Жунусалиевич С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма, Курманбек,             Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 3-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Алма, Курманбек, Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,                 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2021-жылы 3-июнунда өткөрүлгөн Кара-Алма, Курманбек айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3, 4 жана 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма, Курманбек,     Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Анаркулов Ойрот Ажибаевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Тугойбеков Нурсултан Тугойбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Бобошев Талантбек Абдуллаевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Сайитбеков Нурлан Авийевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Шералиев Шухратилла Жунусалиевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Алма, Курманбек, Кыз-Көл, Барпы жана С. Атабеков айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 469