Башкы БШКнын ЧУА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … 04.02.2020 №29Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча …

04.02.2020 №29Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдѳ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 2 сентября 2010 года, № 192 Об уполномоченном представителе политической партии «Республика» от 4 сентября 2010 года, №193

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдѳ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн  зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 14, 22, 27, 29-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 22, 27, 29-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлооллорду жана референдумдарды өткөрүүдѳ  ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         1) 1.1-пункта «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына» деген сөздөр менен толукталсын;

         2) 1.3-пункт төмөнкүдѳй редакцияда баяндалсын:

«1.3. Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат»;

         3) 1.7-пункт «Бул Жободо» деген сөздөрдөн кийин «шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн» деген сөздөр менен толукталсын;

         4) 1.8-пунктагы «майыптыгы бар» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

 

         5) 1.9-пунктта:

             - экинчи  абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар – активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары»;

         - үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

         - төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- шайлоо участкасына жеткиликтүүлүк – башка жарандар менен бирге добуш берүү үчүн жайга, жөө жүрү тротуарларын, автомобиль жолдорун, маалыматтык, техникалык жана башка коомдук пайдалануу каражаттарын кошуп алганда, жеткиликтүүлүккө ээ болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын эркин жана коопсуз жүрүү мүмкүнчүлүгү;

         - шайлоо участкасына жеткиликтүүлүктү камсыздоо – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан алардын меңчигинде же карамагында (ведомстволук караштуулукта) турган инфратүзүм объектилеринин жабдыктарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн башка жарандар менен бирдей эле ал объектилерге эркин жеткиликтүүлүктү камсыздаган атайын көмөкчү жѳлѳгүчтѳр менен жабдуу боюнча талаптагыдай чараларды көрүү;

         - добуш берүүчү жайга жеткиликтүүлүк – добуш берүүчү жайда жана анын ичинде кабинада же башка атайын жабдылган жерлерде орун которуп жүрүүгө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн көмөкчү каражаттардын болушуна физикалык тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыздоочу шарттардын болушу;

         - муктаждык картасы – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүн шайлоо участкалары боюнча көрсөтүү менен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик  органдын аймактык бөлүмчөлөрү менен биргеликте тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн таблица;»;

         - сегизинчи абзацтагы «шайлоо бюллетенин» деген сөздөр  «шайлоо документтерин» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         6) 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         «2.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайга максималдуу мүмкүн болуучу жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүкчөлөрү менен биргеликте добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө  картасын түзүшөт.  Анын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

         Муктаждык картасынын формасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын жеке маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү, жеке иденттештирүү номери, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги) жөнүндөгү маалыматтарды;

- майыптуулугунун категориясы (I,II,III тобу) жана бузулуулардын түрлөрү (угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушу);

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын башка зарыл керектөөлөрү жөнүндө эскертмени.»;

         7) 2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         «2.2. Муктаждык картасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, ошондой эле шайлоо участкасында өзгөчө шарттарды түзүүгө муктаж болгондорго конкреттүү жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат.»;

         8) Жобо төмөнкүдөй мазмундагы 2.2-1-пункт менен толукталсын:

« 2.2-1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү шайлоочулардын эсебин алуу үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн айдын 10унан кечиктирбестен ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты берип турууга милдеттүү. Муктаждык картасынын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.»;

         9) 2.3-пунктунда «көрсөтүлгөн формага ылайык» деген сөздөр алып салынсын;

         10) 2.5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

         11) 2.7-пункттагы «Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү» деген сөздөр «Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         12) 2.8., 2.9.,2.10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;

         «2.8. Участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – УШК) тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын алгандан кийин добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн орун-жайлардын  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө жана маалымат берүүчү материалдардын жеткиликтүү  болушуна ылайык келтирүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптуулугу бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү жүргүзөт.

         2.9. Добуш берүү үчүн орун-жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын кирүүсү үчүн атайын көмөкчү жѳлѳгүчтѳр менен жабдылбаган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн орун-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү үчүн тиешелүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жөнөтөт.

         2.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссиялары кайрылган учурда токтоосуз тиешелүү чараларды ккөрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.»;

         13) 2.11-пункттагы «Шайлоо участокторун жана» деген сөздөр алып салынсын;

         14) 2.12-пунктагы «0.75 метрден» деген сөздөр «75 сантиметрден» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         15) 2.16-пунктагы «майып болуп саналган» деген сөз «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         16) 3.1-пунктагы «майыптыгы бар» деген сөз «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         17) 3.2-пунктагы «бардык категориядагы майыптуулугу бар адамдар алдын ала кѳп баруучу жерлерде  (калкты социалдык коргоо органдары,” деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар алдын ала кѳп баруучу жерлерде  (социалдык өнүктүрүү органдары,» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         18)  3.3-пунктта:

         - биринчи абзацындагы «майыптыгы бар» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

-«майыптардын» деген сөз «майыптыгы барлардын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         19) 3.4-пунктта:

- биринчи абзацтагы «көрүүсү боюнча майып болуп саналган» деген сөздөр «азиз жана көзү начар көргөн » деген сөздөргө алмаштырылсын;

         - төртүнчү абзацтагы «коррекциялоочу мектептердин,» деген сөздөр «атайын жалпы билим берүүчү уюмдардын,» деген сөздөргө, «коомдук уюмдардын» деген сөздөр «майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын» деген сөздөргө алмаштырылсын.

         20) 3.7-пунктагы «майыптыгы бар» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө, «майыптардын» деген сөз «майыптыгы бар адамдардын» деген сөздөргө, «коррекциялоочу мектептерде,» деген сөздөр «атайын жалпы билим берүү уюмдарда,» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         21) 3.8-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         «3.8. Талапкерлер, саясий партиялар, референдум маселеси боюнча үгүт жүргүзүүгө катышкан «макул», «каршы» топтору окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулуп басылган шрифт менен кол жаңсап которууну же субтитрлөөнү пайдалануу, ошондой эле  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарды үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда пайдалануу менен үгүт жүргүзүү материалдарын жарыялоого жана жайылтууга милдеттүү:»;

         22) 4.7-пункт төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:

         «Көрүүсү жагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга маалымдоо үчүн үгүт жүргүзүү тактасына  атайын форматта даярдалган материалдар жайгаштырылат  жана (же) шайлоо участкалары шайлоо өнөктүктөрү жөнүндө аудиоформаттагы (санариптик сактагычтарда) үгүт жүргүзүү материалдары менен (шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо тартибинде, добуш берүү убактысы жана жери, негизги шайлоо аракеттери, тез байланыш телефондору)  жабдылууга тийиш.»;

         23) 4.8-пунктта:

         - «мүмкүн» деген сѳз «керек» деген сѳзгѳ алмаштырылсын;

  -«80» деген сан «75» деген санга алмаштырылсын;

         24) 6.1-пункттагы «майып болуп саналган» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         25) 6.2-пункттагы «майып болуп саналган» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;

         26)  Ушул Токтомдун 1-2-тиркемелерине ылайык Жобо № 2-3-тиркемелер менен толукталсын.

     2. Ушул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

     3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Б.С. Кадыровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2020-жылдын 4-февралы

№29