№135 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинде мандаттардын санын 21ди түзөт. Ноокат шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 7304 түзүп, анын ичинен 2845 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 38,9 % түзөт.

Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  

1. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2017-жылдын 5 - июну

№ 135