23.04.2021 №116 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ №21 Жарлыгы  менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Орловка шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Орловка шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Орловка шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 5 саясий партия катталды, 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: “Патриот Ынтымагы” – 40,17% (9 мандат); “Социал-Демократтар” – 19,65% (4 мандат); “Замандаш” – 15,06% (3 мандат); “Тынчтык” – 13,53% (3 мандат); “Эмгек” – 8,32% (2 мандат).

Шайлоочулардын саны 5520 түзүп, анын ичинен 1959 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 35,49 % түзөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 4 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 15-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктаган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).

2.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин аймактык шайлоо комиссиясына жана Орловка шаардык кеңешине жиберилсин.

4.Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-апрели
№ 116