07.12.2020 № 415 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Э.К Абакировдун мурда сунуш кылган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө 2020-жылдын 5-декабрында кир. № 01-12/3629 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 379 токтому менен катталган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К Абакировдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кадыракунова Айнура Мелисовнанын каттоосу жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К Абакировдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кадыракунова Айнура Мелисовнага берилген № 98 каттоо күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К Абакировдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кулжанова Динара Кувайбековна катталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К Абакировдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 7-декабры

415