№498 Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү:  Р.М. Сарбаевдин, А.А. Шейшеновдун комиссиялардын курамдарынан,              Д.С. Жороеванын, К.Ж. Осмонкулованын комиссиялардын резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын              2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
 
  ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сарбаев Рахманжан Мусурманкулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жороева Дамира Сабитовна комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Койгельдиева Чинара Анашевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шейшенов Арыстанбек Азимович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонкулова Клара Жороевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тазабекова Бурул Турмушовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА  
Бишкек ш., 2017-жылдын 7-октябрь
№ 498