Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2011-жылдын 10-февралындагы №31 Жарлыгын аткарып, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл округунун, Алай районунун Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айыл округдарынын, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Отуз-Адыр айыл округдарынын, Ноокат районунун Н.Исанов, Көк-Бел айыл округдарынын, Баткен областынын Баткен районунун Самаркандек, Аксай, Актатыр айыл округдарынын, Талас областынын Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айыл округдарынын кеңештеринин депутаттарын 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө 1 533 500 (бир миллион беш жүз отуз үч миң беш жүз) сом (сметалар тиркелет) суммасындагы чыгымдардын сметасы бекитилсин.
- Финансалык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Б.Салыкбаева) Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергилктүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө бекитилген сметага ылайык каржылоону өткөрсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо финансалык жана материалдык-камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Салыкбаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев
Бишкек ш., 2011-жылдын 11-февралы
№5