Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэри Турдубеков Ж. С. Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 27-сентябрындагы №465-буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы Вулянчин Г. Дж. өзүнүн берген арызына ылайык, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2013-жылдын 3-сентябрындагы № 62-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарынын мэрин, Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 21-ноябрына дайындалсын.
2. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ Г. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-ноябры
№163