01.05.2021 №187 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Талас шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Талас шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн. Талас шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 11 саясий партия катталды, баары төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Аманат» - 19,29 % (9 мандат); «АСЫЛ МУРАС-ЖАШТАР» - 19,23 % (8 мандат); «Ыйман Нуру» - 11,32 % (5 мандат); «Республика» - 10,37 % (5 мандат); «Кыргызстан» - 8,60 % (4 мандат). Шайлоочулардын саны 22102 түзүп, анын ичинен 9871 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 44.66 % түзөт.
Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Талас шаардык шайлоо комиссиясына 4 арыз, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 3 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 10 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 27-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 27-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Талас аймактык шайлоо комиссиясына жана Талас шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Талас шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 1-майы,
№ 187