№74 Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 8-майындагы №59 токтому менен 2019-жылдын 27-майына дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана натыйжасына арыз даттануулар түшкөн жок.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйнтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 27-майдагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1.Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы булуп Рузалиев Нодирбек Закиржанович табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3.Бул токтом «Эркинтоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 3-июну
№74