«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Азаркул кызы Зинагюль – финансы маселелери боюнча;
- Бакировой Халимы Зиевны – шайлоо боюнча.
2. 2010-жылдын 12-августундагы № 031, № 032 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Кененсариева Тамара Абдыкадыровна – финансы маселелери боюнча;
- Сасыбаева Асылкул Токуровна – шайлоо боюнча.
4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоо күбөлүгү берилсин.
5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 8-сентябры
№ 219