№223 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 6-июлундагы №54 тескемесине ылайык, Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Касмалиев Таалайбек Усенович, өзүнүн каалоосу боюнча, жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 28-июлуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН  БАСАРЫ                                          А.БЕКМАТОВ

Бишкек ш, 2017-жылдын 11-июлу, 
№ 223