№255 2017-жылдын 6-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 6-июлуна дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын шайланган мэри болуп Мумбаев Мухубилла Пахридинович табылсын.

2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.


Төраганын орун басары                         А. Бекматов

Бишкек ш, 2017-жылдын 20-июлу,  
№ 255