Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 87 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону …

№ 87 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартибин жөнгө салуу максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2010-жылдын 12-августундагы № 151 “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;

2009-жылдын 14-апрелиндеги № 51 “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу;

2004-жылдын 13-августундагы № 42 “Кыргыз Республикасындагы шайлоодо чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобо.

  3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                       Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 87

 

2015-жылдын 28-июлунда жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 28-июлундагы

№ 87 токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартиби жөнүндө Жобо

 

            1. Жалпы жоболор

            2. Эл аралык байкоочуларды чакыруу тартиби

            3. Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо тартиби

            4. Эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө эл аралык байкоочулардын ишинин тартиби жөнүндө” ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө байкоочулар тобунун курамында жеке, ошондой эле шайлоону байкоо боюнча эл аралык миссиянын курамында байкоону жүзөгө ашыруучу эл аралык байкоочулардын статусун, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт.

1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, эл аралык шайлоо стандарттары жаатында эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде иштелип чыкты.

1.3. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыккан, Кыргыз Республикасындагы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык эл аралык байкоочу болуп саналат.

1.4. Чет мамлекеттин мамлекеттик органы же эл аралык байкоону жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон укук жөндөмдүүлүк көлөмү бар чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм чет өлкөлүк уюм болуп саналат.

1.5. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Мыйзамына ылайык (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 9-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясында) эл аралык уюм тиешелүү эл аралык келишимди түзүү жолу менен түзүлгөн мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмду билдирет. Эл аралык коомдук бирикмелер эл аралык уюмдар болуп саналбайт жана ушундан улам эл аралык байкоочуларды дайындоого жана жиберүүгө ыйгарым укуксуз.

1.6. Чет өлкөлүк же эл аралык уюмдар (алардын бөлүмдөрү же бюро) катталышы жана Кыргыз Республикасынын аймагында болушу мүмкүн.

 

2. Эл аралык байкоочуларды чакыруу тартиби

2.1. Эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө мыйзамда белгиленген тартипте уруксат алышат жана тийиштүү чакыруусу жана ушул Жобонун 3-беренесинде көрсөтүлгөн документтер болсо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан аккредитацияланат.

2.2. Чакыруу Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилиши мүмкүн.

2.3. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.

2.4. Борбордук шайлоо комиссиясы чакырууларды чет өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарына, ошондой эле шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча адистешкен эл аралык уюмдарга жиберет.

 

3. Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо тартиби

3.1. Кыргыз Республикасынын Президентинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыруу алган чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар аккредитациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине эл аралык байкоочу катары аккредитациялоого арызын, өз өкүлдөрүнүн тизмелерин, ошондой эле инсандыгын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн тапшырышат.

3.2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аккредитациялоо үчүн келип түшкөн документтерди текшергенден кийин, аларды Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

3.3. Борбордук шайлоо комиссиясынан чакыруу алышкан чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар аккредитациялоо үчүн эл аралык байкоочу катары аккредитациялоого арызын, өз өкүлдөрүнүн тизмелерин, ошондой эле инсандыгын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн түздөн-түз Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат.

3.4. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен аккредитацияланат.

3.5. Борбордук шайлоо комиссиясы аккредитацияланган адамга эл аралык байкоочунун белгиленген үлгүдөгү ырастамасын берет же болбосо аккредитациялоодон жүйөлүү баш тартат.

3.6. Ырастама эл аралык байкоочуга ушул бөлүмдүн 3.8-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилдеги өз ишин жүзөгө ашырууга укук берет.

3.7. Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо добуш берүү күнүнө 30 күн калганда башталат жана шайлоо күнүнө 3 күн калганда бүтөт.

3.8. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.

3.9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана  шайлоодогу эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ырастамасынын жана арызынын үлгүсүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

3.10. Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочунун аккредитациясын төмөнкү учурда чакырып алууга укуктуу:

- байкоочунун жиберген чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун байкоону жүзөгө ашырууга укук жөндөмдүүлүгү болбогондо;

- ушул Жободо белгиленген документтерди бербегенде же болбосо аларды толук эмес же анык эмес маалыматтар менен бергенде;

- эгерде чет өлкөлүк, эл аралык уюмдун уставдык максаттары же Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсүнүн жана ишинин максаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келсе же эгемендүүлүккө, коопсуздукка, аймактык бүтүндүккө жана улуттук кызыкчылыктарга коркунуч келтирсе;

- эгерде мурда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, эл аралык укуктук актыларды же байкоонун эл аралык принциптерин одоно бузганына байланыштуу эл аралык байкоочу аккредитациясынан ажыратылган болсо.

 

4. Эл аралык байкоочулардын ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби

4.1. Эл аралык байкоочулардын иши Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

4.2. Эл аралык байкоочунун ишин материалдык, финансылык жактан камсыз кылуу байкоочуну жиберген тараптын каражаттарынын эсебинен же байкочунун өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4.3. Эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жана мамлекеттик бийлик органдарында, башка мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилген эл аралык байкоочунун ырастамасын жана анын инсандыгын тастыктаган документин алып жүрүүгө жана аны шайлоону уюштуруучулардын талабы боюнча көрсөтүүгө милдеттүү.

4.4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, “Көзкаранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердеги демократиялык шайлоо, шайлоо укуктары менен эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө конвенциянын” жоболорун, башка эл аралык документтерди сактоого;

- өз милдеттерин саясий бейтараптык, калыстык, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн сыйлоо, шайлоо органдарына, мамлекеттик жана башка органдарга, кызмат адамдарына, шайлоонун катышуучуларына карата кандайдыр бир артыкчылык көрсөтүүдөн же баа берүүдөн баш тартуу принциптерин жетекчиликке алуу менен аткарууга;

- шайлоонун бардык этаптарында, анын ичинде добуш берүүдөн кийин процесске кийлигишпөөгө;

- өзүнүн бардык корутундуларын байкоо жүргүзүүсүнө жана фактылай материалдарга негиздөөгө;

- добуш берүү аяктаганга чейин өзүнүн байкоолоруна байланыштуу кандай болбосун баасын, сын-пикирлерин жана сунуштамаларын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнө айтуудан карманууга.

4.5. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;

2) басма сөз-жыйындарын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;

3) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга;

4) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, ал атынан чыккан уюмдун аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;

5) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

8) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.

Эл аралык байкоочулар шайлоочулар, талапкерлердин тизмесинен киргизилген талапкерлер, саясий партиялар, шайлоонун башка катышуучулары менен жолугушууга; шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга жана шайлоо документтери менен таанышууга, шайлоо участкаларында болууга, добуш берүүнүн, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен, добуштарды саноону жана шайлоонун жыйынтыктарын жана натыйжаларын белгилөөнү байкоого, арыздарды жана даттанууларды кароонун натыйжалары менен таанышууга, документтердин көчүрмөлөрүн алууга, шайлоонун натыйжалары боюнча кортунду берүүгө укуктуу.

4.6. Ушул Жобого ылайык эл аралык байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоо жана өткөрүү жүрүшүнө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.

4.7. Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык укуктун жалпыга таандык принциптерин жана ченемдерин бузган учурда, ошондой эле эл аралык байкоочунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эл аралык байкоочунун аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

4.8. Эл аралык байкоочу Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын колдоого алуусунда болот. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чектеринде ушул Жободо белгиленген алкактарда зарыл көмөк көрсөтө алышат.

4.9. Эл аралык байкоочулардын укуктарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.