№ 58 2017-жылдын 2, 13, 14, 16, 20-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 27-январындагы № 19, 30-январындагы № 25, токтомдору менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата; Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак; Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек; Чүй облусунун Москва районунун Беловодск жана Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын 13, 14, 16-февралында кайра шайлоо өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-январындагы № 10 жана                6-февралындагы № 36 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Крупский жана Аламүдүн районунун Пригород айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын 2, 20-февралында шайлоо болуп өткөн.

 Кочкор, Сузак, Бакай-Ата, Москва, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 13, 14, 16-февралында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата; Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак; Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек; Чүй облусунун Москва районунун Беловодск жана Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

2.  2017-жылдын 2, 20-февралында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Крупский жана Аламүдүн районунун Пригород айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

  3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн  жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

  4. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).

  5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары болуп шайлангандарга тапшыруу үчүн берилсин.

  6.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 7.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

  ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 27 - февралы 

№ 58 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2017-жылдын 27-февралындагы № 58

токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын 2017-жылдын

2, 13, 14, 16, 20-февралында шайланган

башчыларынын тизмеси

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж.

Шайлоо

өткөрүлгөн күнү

Талас облусу

Бакай-Ата району

1.

Бакай-Ата айыл өкмөтү

(кайра шайлоо)

Доулбеков Нурлан Азейинкулович

2017 – жылдын

 13-февралы

Нарын облусу 

Кочкор району

2.

Талаа-Булак айыл өкмөтү

(кайра шайлоо)

Жолдошбек уулу Белекбек

2017 – жылдын

 14-февралы

Жалал-Абад облусу

Сузак району

3.

Курманбек айыл өкмөтү

(кайра шайлоо)

Бакиров Даирбек Мейлиевич

2017 – жылдын

 14-февралы

Чүй облусу

Сокулук району

4.

Крупский айыл өкмөтү

Эдигеев Женишбек Кубанычбекович

2017 – жылдын

 2-февралы

Москва району

5.

Беловодск айыл өкмөтү

(кайра шайлоо)

Толомушев Бакыт Токтокадырович

2017 – жылдын

 16-февралы

Ысык-Атинский район

6.

Интернационал  айыл өкмөтү

(кайра шайлоо)

Аралбаев Мелис Качкынович

2017 – жылдын

 16-февралы

Аламүдүн району

7.

Пригород  айыл өкмөтү

Паязов Сактанбек

2017 – жылдын

 20-февралы