Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 108 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 3-октябрында өткөрүлгөн.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 23 чечиминин негизинде Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна эки талапкер: Алымбеков Жаанбай Урсеитович жана Дуйшембиев Адилет Керээзбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.К. Дуйшембиев шайланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына А.К. Дуйшембиев тарабынан берилген документтериндеги К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз окуу борборунун 2014-жылдын 25-сентябрындагы маалымкаты боюнча: А.К. Дуйшембиев – “Финансы жана кредит” факультетинин “Экономист” квалификациясына ээ болгон жана азыркы учурда анын жогорку окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу диплому Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде даярдоо стадиясында тургандыгы жөнүндө көрсөтүлгөн.
А.К. Дуйшембиевдин документтерин текшерүү учурунда ал жогоруда көрсөтүлгөн окуу борборунун 6-курсунун студенти экендиги аныкталган. Бул "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына жооп бербейт, себеби А.К. Дуйшембиев жогорку билими жок деп эсептелинет.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 23 чечиминдеги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катары А.К. Дуйшембиевди каттоо бөлүгү жокко чыгарылсын.
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жараксыз жана аталган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону болбой калды деп табылсын.
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 25-ноябрына саат 10-00 дайындалсын.
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы, шайлоо мыйзамдарынын талаптары кайталап бузган учурда, тиешелүү чаралар колдоно тургандыгы тууралуу эскертилсин.
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына А.К. Дуйшембиевдин К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз окуу борборун бүтүргөндүгү жөнүндө берген материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 6-ноябры
№ 124