“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесинин 12-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 317 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер К.Арабаев, А.М.Абышев, Н.Т.Тюлеев, Т.Ж.Уметалиева, У.С.Сооданбеков тарабынан берилген кол тамга баракчаларын контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө” токтому жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 318 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер С.К.Дыйканов, Турсунбай Бакир уулу, Т.К.Колубаев тарабынан берилген кол тамга баракчаларын контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш.2011-жылдын 2-октябры
№ 328