№334 Баткен облусунун Лейлек; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад жана Базар-Коргон; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп; Нарын облусунун Ак-Талаа; Ош облусунун Кара-Кулжа; Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана....

Баткен облусунун Лейлек; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад жана Базар-Коргон; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп; Нарын облусунун Ак-Талаа; Ош облусунун Кара-Кулжа; Чүй облусунун Ысык-Ата  аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: М.А. Кахарованын, А.А. Сатиевдин, А.С. Рымбековдун, А.О. Омурбекованын,     А.А. Акматжановдун, А.Т. Дуйшонбаеванын, С.А. Орозалиевдин, А.Р. Усупбаеванын, А.Н. Орозакунованын, С.Б. Паизовдун,       Р.Т. Шеримбековдун, комиссиялардын курамдарынан, Б.К. Абдраимовдун, Алик кызы М., Т.А. Бекбоевдин, Г.Б.Жергалбаеванын, А.Т. Исаеванын, Э.А. Кыяшбаеванын, Н.Н. Кукееванын, А.У. Матказымованын, М.Т. Райымбекованын, Г.У. Султанбаеванын, М.А. Сопиеванын комиссиялардын резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн маалымкатынын, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 22-июлундагы № 28/17 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:-    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кахарова Мутабархон Абдижабборовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-   жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Каримкул кызы Нургул резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Хасанов Расулджан Шакиржанович, Атамбекова Миргүл Нишановна, Паизбаева Махабат Жороевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-    “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Досбаева Санабар Кубатбековна, “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдурасулов Сталбек Токтомуратович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-  “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымкулов Кутчубек комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-  “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдраимов Бакытбек Кудайкулович комиссиянын резервинен чыгарылсын;
-    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Төлөнбаева Гүлзар Абдуллабековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатиев Айбек Алымович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмонов Эшимбек Эсенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5.  Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-  “Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Рымбеков Алымкул Садыбакасович, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Омурбекова Айканым Омурбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акматжанов Алмаз Акматжанович, Дуйшонбаева Акжолтой Торомамбетовна, Орозалиев 

Саламат Адылбекович, Усупбаева Айдай Романовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-   жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алик кызы Медеркүл, Бекбоев Темирлан Абдыкадырович, Жергалбаева Гульмира Болотбековна, Исаева Атыркүл Токоновна, Кыяшбаев 
Эрлан Аскерович, Кукеева Нуриза Нургалыйевна, Матказымова Асель Усенбаевна, Райымбекова Махабат Тюлебердиевна, Султанбаева Гулнара Абдылкудусовна, Сопиева Махабат Абдыевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;
-  “Акшумкар” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акматов Бекбо Шамыратович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Курманова Турсунбюбю Асанкановна, Акматалиев Азамат Мамирасулович, Болжурова Салтанат Мукановна, Жанбосунова Мээрим Жанбосуновна, Борбодоев Бактыбай Турарович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
6.  Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Ата Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Орозакунова Айзат Нарынбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Багышов Элдияр Абдырахманович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
7. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Паизов Самидин Бекиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асилбек уулу Жыргалбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
8. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шеримбеков Руслан Теңирбергенович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-   “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Турсуналиева Махабат Каныбековна, “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымкулов Улан Абдырашитович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эралканова Эльмира Сатаровна. Алмазбекова Жыпар Алмазбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
9.   Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 7-августу
№ 334