“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 36 Жарлыгынын 2,3-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 4,5,6–бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 36 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары 2012-жылдын 21-февралына чейин “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Д. Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 16-февралы
№ 35
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 16-февралындагы
№ 35 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын
шайлоо боюнча округдардын чек аралары
Аксы району
Авлетим айылдык кеңеши
Мукур шайлоо округу
Борбору: К. Алымкулов атындагы орто мектеп.
Чек арасы: Мукур айылы.
Авлетим шайлоо округу
Борбору: А. Кабаев атындагы орто мектеп.
Чек арасы: Авлетим, Көкжаңгак айылдары.
Байгашка-Терек шайлоо округу
Борбору: Акылбеков атындагы орто мектеп.
Чек арасы: Байгашка-Терек, Товар-Сай, Арал, Чоңташ айылдары.
Дейрес шайлоо округу
Борбору: Дейрес орто мектеби.
Чек арасы: Дейрес, Сазык, Талдыбулак, Көкмойнок айылдары.
Коргон шайлоо округу
Борбору: Коргон айылынын маданий борбору.
Чек арасы: Коргон айылы.
Итагар шайлоо округу:
Борбору: Итагар орто мектеби.
Чек арасы: Итагар айылы.
Алай району
Будалык айылдык кеңеши
Октябрь шайлоо округу
Борбору: Бубаев атындагы орто мектеп.
Чек арасы: Будалык айыл кеңешинин Октябрь, Шалба айылдарынын чегинде.
Будалык шайлоо округу
Борбору: Будалык айылдык кеңешинин имараты. Кайнама айылы.
Чек арасы: Будалык айыл кеңешинин Кум-Шоро, Кара-Суу, Кайнама (Жаңы Будалык), Кызыл-Тектир, Тамга терек айылдарынын чегинде.
Жети-Өгүз району
Оргочор айылдык кеңеши
1-шайлоо округу
Борбору: Оргочор айылынын маданият үйү.
Чек арасы: Оргочор айылы толугу менен жана Талды-Булак, Кызыл-Суу бөлүмү толугу менен.
2-шайлоо округу
Борбору: Боз-Бешик айылынын клубунун имараты.
Чек арасы: Боз-Бешик айылы толугу менен.
Аламүдүн району
Арашан айылдык кеңеши
1-шайлоо округу
Борбору: Стрельникова атындагы орто мектеп.
Чек арасы: Арашан айылы толугу менен жана Татыр участкасы.
Кемин району
Кемин поселкалык кеңеши
№ 1 шайлоо округу
Борбору: Айыл банк.
Чек арасы: Кемин поселогу, Экспериментальная, Восточная, Московская (Каракол көчөсүнөн Победа көчөсүнө чейин), Хутор.
№ 2 шайлоо округу
Борбору: Музыкалык мектеп.
Чек арасы: Кемин поселогу, Восточная, Логвиненко, Леволинейная, Праволинейная, Космонавттар, Куйбышев көчөлөрү (Победа көчөсүнөн 220- Подстанциясына чейин), 220-Подстанция, ГЭС.
Ысык-Ата району
Милянфан айылдык кеңеши
№ 1 шайлоо округу
Борбору: Милянфан айылынын маданият үйү.
Чек арасы: Гагарин көчөсүнөн Маслянов чолок көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүнөн Маслянов чолок көчөсүнө чейин, Ленин көчөсүнөн Маслянов чолок көчөсүнө чейин, Речная көчөсүнөн Маслянов чолок көчөсүнө чейин, Хаваза Р., Шопоков, Спортивная, Маслянов, Дивазов чолок көчөлөрү, Гагарин, Фрунзе, Ленин, Речная көчөлөрү, Садовая чолок көчөсү, Центральная, Пионерская көчөлөрү, Школьный чолок көчөсү. Дачалар.
№ 2 шайлоо округу
Борбору: М. Ванахун атындагы орто мектеп.
Чек арасы: Гагарин көчөсү, Фрунзе көчөсү, Ленин көчөсү толугу менен, Крепостной, Садовая, Я. Хавазов, Западная, Ванахун, Конечная, Шиваза, Масанчи чолок көчөлөрү, Сушанло көчөсү.
Балыкчы шаары
Балыкчы шаары.