Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 105 токтому менен 2016-жылдын 20-июнуна дайындалып өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө; Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак жана Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча Жумгал, Өзгөн жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 20-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө; Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак жана Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 29 - июну
№ 120
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 29 - июнундагы № 120
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган
башчыларынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.А. |
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Нарын облусу Жумгал району |
||||
|
1 |
Чоң-Дөбө |
Ширинбек уулу Аскербек |
2016-жылдын 20-июну |
|
|
Ош облусу Өзгөн району |
||||
|
2 |
Алтын-Булак |
Садыков Тынчтыкбек Таштанович |
2016-жылдын 20-июну |
|
|
Араван району |
||||
|
3 |
Нурабад |
Абдимуминов Келдибек |
2016-жылдын 20-июну |
|
|
4 |
Тепе-Коргон |
Жаныкулов Хамракул Жаныкулович |
2016-жылдын 20-июну |
|