№186 Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө


Ноокен, Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү:Т.Г. Абдувалиевдин, Т.Т. Калдыбаевдин, Ш.Р. Кылычбаеванын комиссиялардын курамдарынан, Кадыракун уулу К. комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдувалиев Таалайбек Гапурович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташиева Айгерим Дуйшеновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калдыбаев Таалайбек Толкунович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Кылычбаева Ширин Рысалиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыракун уулу Калысбек комиссиянын резервинен чыгарылсын;
-    жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атантаева Жыпаркүл Идирисовна, Турдукеев Замирбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3.    Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Коңурбаевге жүктөлсүн.


ТӨРАГА             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА                                                   
Бишкек ш., 2018-жылдын  16-октябры
№ 186