Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
финансылык маселелер боюнча:
-Акөз Лаура Насиповна, 1973-жылы туулган, “Автотрансстрой” ЖЧК бухгалтери;
шайлоо боюнча;
- Алиев Эмил Турдугулович, 1954-жылы туулган, “Ар-Намыс” (Достоинства) саясий партиясынын төрагасынын орун басары.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 15-августу
№ 121