Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевден Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
финансылык маселелер боюнча:
- Павлова Любовь Станиславовна, 1985-жылы туулган, Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык кыргыз коомдор союзунун башкы бухгалтери;
шайлоо боюнча:
-Чекиров Нурлан, 1951-жылы туулган, Кыргыз экономикалык институтунун ага окутуучусу;
-Кемелов Аслан Аскарович, 1976-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу
№ 102