Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2008-жылдын 5-октябрындагы шайлоолордо №2 Жал шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер М.А.Назарматовдун кызыкчылыгында “ЮК “Ак-Канат” ЖЧК директору, адвокат А.В.Типеровдон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында анын арызын кароо, иш жүзүндө М.А.Назарматов 2756 добуш алгандыгын таануу, Бишкек шаардык кеңешине №2 Жал округу боюнча депутаттыкка өткөндөрдүн бирин, эң аз добуш алгандын катталгандыгын жокко чыгаруу менен алып салуу тууралуу чечим кабыл алуу, М.А.Назарматовду Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына каттоо суроосу менен арыз түшкөн.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2010-жылдын 17-декабрындагы өкүмү менен Давлетбаева Р.М. (№7 Тоголок Молдо шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы) жана Мейрманова С.Ж. (№2 Жал шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык Кодексинин 141-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты аткарышкандыгына күнөөлүү деп табылышкан жана үч жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.
Бишкек шаардык сотунун кылмыш-жазык иштери жана администрациялык укук бузуу иштери боюнча сот коллегиясынын 2011-жылдын 6-июлундагы аныктамасы менен Р.Давлетбаевага карата Биринчимай райондук сотунун 2010-жылдын 17-декабрындагы өкүмү жокко чыгарылган, Р.Давлетбаеваны күнөөлөө боюнча кылмыш-жазык иши өндүрүштөн жапа чеккендер айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу токтотулган, өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.
Биринчимай райондук сотунун өкүмү менен макул болбогон С.Ж.Мейрманова кассациялык даттануу берген жана ушул учурда кассациялык даттануу Бишкек шаарынын кассациялык инстанциясына жиберүү үчүн даярдык стадиясында турат.
Биринчимай райондук соту 2010-жылдын 17-декабрында жеке аныктама чыгарган, ага ылайык сот Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Тоголокмолдо жана №2 Жал шайлоо округдары боюнча кетирилген бузууларга көңүл буруу токтомун токуган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2010-жылдын 17-декабрындагы жеке аныктамасын, ошондой эле А.В.Тапировдун арызын ар тараптуу жана обьективдүү кароо максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 26-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. М.А.Назарматовдун кызыкчылыгындагы адвокат А.В.Типеровдун арызын кароо боюнча төмөндөгү курамда жумушчу тобу түзүлсүн:
-Кадырбеков И.Д., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү - жумушчу топтун жетекчиси;
-Бекбасаров Р.Б., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү;
-Абдыбекова Ж.М., юридикалык бөлүмдүн башчысы - жумушчу топтун мүчөсү;
-Аргымбаев М.И., уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары - жумушчу топтун мүчөсү;
-Аламанов Ч.К., Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишке тартылган атайын өкүлү.
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттүн ичинде колдо болгон бардык материалдарды изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кароосуна тийиштүү чечимдин долбоорун берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу
№110