№ 77 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 28-пункттарын жетекчиликке алып, шайлоо процессин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Шайлоо процессин талдоо жана жакшыртуу боюнча Жумушчу тобунун аткарылган иштер жөнүндө маалымат эске алынсын.

2. Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын Планы бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгынын маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 16 - февралындагы №35 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” Жобону карап чыгып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын планында каралган пункттарды жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.

6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайттарына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2017-жылдын  29-марты

№ 77