Башкы БШКнын УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо КАЛЕНДАРЛЫК …

Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

  Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2016-жылдын  04-апрели
№ 63 токтому менен

бекитилген

 

2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

 

КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

 

 Шайлоо күнү – жекшемби

           2016-жылдын 15-майы

 

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөттөрү

Аткаруу үчүн жооптуулар

Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү

 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 7-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен

(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк)

 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 7-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү)

(Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк)

 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо

Алар бекитилген күндөн тартып 4 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 11-апрелине чейин)

МС жана ЭК (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк)

 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү

Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 11-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясы

(Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр)

 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 11-апрелине чейин)

Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү)

(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)

 

Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо

Алар бекитилген күндөн тартып 4 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 15-апрелине чейин)

МС жана ЭК (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга участкалардын схемаларын жана чек араларын жөнөтүү

Алар бекитилген күндөн тартып

Борбордук шайлоо комиссиясы

Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу

 

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү

Өзүнчө план жана график боюнча

Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

 

Шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен шайлоочулардын маалыматтарынын – алардын биометрикалык жана жекече маалыматтарынын негизинде түзүлөт  

Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 7-апрелине чейин)

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК)

(Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк)

 

Ар бир шайлоо участкасы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү уюштуруу

Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 7-апрелине чейин)

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК)

(Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк)

 

Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү

 

Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 11-апрелине чейин)

Участкалык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк)

 

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү (1-форма) жана жекече маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (3-форма) жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу

Добуш берүү күнүнө чейин 11 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 4-майына чейин) 

Аймактык шайлоо комиссиялары, системалык администраторлор, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

(Мыйзам, 13-берене, 4-бөлүк)

 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участкаларынын чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүп, БШКга өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 7-майына чейин) 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК)

(Мыйзам, 13-берене, 4-бөлүк)

 

Номурланган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга басып чыгаруу)

Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 12-майына чейин)  

Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык  шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 13-берене, 4-бөлүк)

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

 

Айылдык кеңешке депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү

 

 

Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 23 календарлык күн калганда аяктайт 

(2016-жылдын 22-апрель 24.00гө чейин)

Саясий партиялар жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1,2-бөлүктөрү)

 

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү

Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 23 календарлык күн калганда аяктайт 

(2016-жылдын 22-апрель 24.00гө чейин)

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

(Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк) 

 

Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү

Документ кабыл алынган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк) 

 

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо

Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда аяктайт

(2016-жылдын 30-апрель саат 18.00гө чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк) 

 

Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерге  тиешелүү күбөлүктөрдү берүү

Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк) 

 

Фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо

Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календарлык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк) 

 

Талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу

Добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 13-майына чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 44-берене)  

 

Ишенимдүү адамдардын, шайлоо комиссиясындагы талапкерлердин, талапкердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу

Тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары

 (Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк, 19-берене, 21-берене, 3-бөлүк) 

Шайлоо алдындагы үгүт

 

Обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо менен Борбордук шайлоо комиссиясына берүү

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 11-апрелине чейин)

Жалпыга маалымдоо каражаттары

(Мыйзам, 22-берене, 20-бөлүк) 

 

Жазуу жүзүндө билдирме берилгенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

(Мыйзам, 9-берене, 1-бөлүк)

 

Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо

 

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин

Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар

МС жана ЭК (КР БШКнын басма сөз кызматы)

(Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр) 

 

Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып (2016-жылдын 1-майынан) башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар

(Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк)

 

Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу

Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин

(2016-жылдын 1-майынан тартып)

 

 

Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте

(Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк)

 

Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо

Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

(Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк)

Шайлоону каржылоо

 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү

Шайлоо дайындалгандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы (финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы)

 

Шайлоо фондун түзүү

Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 4 календарлык күндүн ичинде

Саясий партия

(Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк)

 

Талапкерлердин фондуларындагы каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу

Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, аймактык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк)

 

 

Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу  

Акча каражаты берилгенден кийин

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу

 (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)

 

Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү  

Шайлоодон кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 23-майына чейин)

Талапкерлер, саясий партиялар

(Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк)

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу

(Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк)

Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү

 

Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү

Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 30-апрелине чейин)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (атайын өкүл)

 (Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк)

 

Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 8-майына чейин)

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк)

 

Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен

(2016-жылдын 8-майына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

(БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)

 (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк)

 

Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күн калганда

(2016-жылдын 8-майына чейин)

Борбордук шайлоо комиссиясы

(БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү)

 (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)

 

Участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин жеткирүү

Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күн калганда

(2016-жылдын 13-майы)

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (атайын өкүл)

 (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)

Добуш берүү 

 

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү

Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда

(2016-жылдын 14-майы)

Участкалык шайлоо комиссиялары

(Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк)

 

Добуш берүүнү өткөрүү

2016-жылдын 15-майы саат  8.00дөн 20.00гө чейин

Участкалык шайлоо комиссиялары 

(Мыйзам, 31-берене)

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо 

 

Добуш берүү үчүн көчмө урналардан бюллетендерди алып чыгуу жана аларды АЭУдан өткөрүү 

Добуш берүү аяктагандан кийин 

Участкалык шайлоо комиссиялары байкоочулардын катышуусунда

 

АЭУнун добуш бергендердин саны жана добуштардын бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө отчетту кагазга басып чыгаруу маалыматтарды борбордук серверге байланыштын корголгон каналдары боюнча өткөрүп берүү 

Добуш берүү аяктагандан кийин 

Участкалык шайлоо комиссиялары

байкоочулардын катышуусунда

 

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтында жайгаштыруу 

УШКлардан маалыматтар алынгандан кийин 

Участкалык шайлоо комиссиялары,

Борбордук шайлоо комиссиясы

 

АЭУдан алып чыгарылган бюллетендерди кол менен эсептөө. Маалыматтарды борбордук серверге өткөрүп берүү 

Протоколдор басып чыгарылган жана добуштар эсептелгенден кийин 

Участкалык шайлоо комиссиялары

байкоочулардын катышуусунда

 

Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо 

Добуштар эсептелгенден кийин 

Участкалык шайлоо комиссиялары

байкоочулардын, талапкерлердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда

 

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколун түзүү жана кол коюу 

Жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 

Участкалык шайлоо комиссиялары

47.   

Шайлоо документациялары менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасын акт боюнча АШКга жеткирүү жана өткөрүп берүү жана шайлоо маалыматтык тутумуна добуш берүүнүн жыйынтыктарын киргизүү 

УШКнын мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз 

Участкалык шайлоо комиссиялары,

Аймактык шайлоо комиссиялары (атайын өкүл),

ИИМ

 

48.   

АШКнын жыйынтыктоочу чогулушун өткөрүү, анда комиссияга түшкөн АШКнын иш аракеттерине жана участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдорун түзүү жана добуштарды эсептөө добуш берүүнү өткөрүү менен байланыштуу арыздарды (даттануларды) бекитилген тартипте кароо 

УШКдан протоколдор алынгандан кийин, тиешелүү аймакта шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганга чейин 

Аймактык шайлоо комиссиялары (атайын өкүл)

49.   

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүү. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди тиркөө 

АШКнын жыйынтыктоочу чогулушунан кийин 

Аймактык шайлоо комиссиялары (атайын өкүл)

50.   

Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана жыйынды таблицасынын биринчи нускасын сейф пакеттерге мөөрлөнүп бекитилген УШКнын протоколдору менен бирге БШКга жөнөтүү 

Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна кол коюлгандан кийин токтоосуз 

Аймактык шайлоо комиссиялары (атайын өкүл)

51.   

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумун өткөрүү анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө түшкөн баардык арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алуу 

Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору алынгандан кийин 

Борбордук шайлоо комиссиясы 

52.   

Айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо 

2016-жылдын 31-майынан кечиктирбестен

(Добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен)

Борбордук шайлоо комиссиясы 

53.   

Айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо 

Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жуманын ичинде 

Борбордук шайлоо комиссиясы 

54.   

Эл аралык байкоочуларды аккредиттациялоо

Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин

Борбордук шайлоо комиссиясы

МС жана ЭК (КР БШКнын басма сөз кызматы)

 (Мыйзам, 8-берене, 1, 2-бөлүк)