№ 20 2017-жылдын 20 жана 23 - январында өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

                                                                                 2017-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №4 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин, Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын, Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын, Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин; 2017-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №4 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Степнинск айыл өкмөттөрүнүн башчыларын өткөрүлгөн  шайлоо боюнча Сүлүктү, Өзгөн, Жайыл, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары  жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1.  Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Исфана шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын шайланган мэри болуп Анарботоев Абдулмухтар Дастанович табылсын.

2. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

2.2. Сүлүктү шаарынын  шайланган мэри болуп Абдыназаров Рахманберды Эрматович табылсын.

3. Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

3.2. Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Боркошов Бакытбек Калдыбаевич табылсын.

4. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

4.1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

4.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Уметалиев Канатбек Таалайбекович табылсын.

5. Чүй облусунун Жайыл районунун Степнинский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

5.1.  Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Степнинский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

5.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Степнинский айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Будко Николай Анатольевич табылсын.

6. Чүй облусунун  Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

6.1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

6.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Адеков Урмат Калыбекович табылсын.

7. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

7.1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын Кайыңды шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин.

7.2. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын шайланган мэри болуп Иманкулов Эркин Токталиевич табылсын.

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

  ТӨРАГА                                                               Н.К.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш,  2017 - жылдын 27-январы

№ 20