09.06.2021 № 373 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 222 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Жаманкулов Өскөн Эсенкулович, Абдыгулов Туратбек Алыкулович, Жумалиев Алмаз Дуулатбекович, Жангараев Мирлан Батырканович катталган. Талапкерлер М. Абдылдаев айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен М. Абдылдаев айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Ө. Жаманкуловго – 12 добуш, Т. Абдыгуловго – 5 добуш,  А. Жумалиевге – 4 добуш,  М. Жангараевке –  0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Жаманкулов Өскөн Эсенкулович Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жумабаева Разакан Абдраимовна, Алишеров Айдарбек Сыдыкович катталган. Талапкерлер Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Кетмен-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А. Алишеровго – 13 добуш, Р. Жумабаевага – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Алишеров Айдарбек Сыдыкович Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 2-июнундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жаманкулов Өскөн Эсенкулович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Алишеров Айдарбек Сыдыкович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 373