Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодо шайлоо процессинин ченемдик укуктук базасын толугу менен жөнгө салуу жана өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1) 4-бөлүктүн экинчи абзацы алып салынсын.
2) 24-бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын: «Шаардын мэрин шайлоо саат 9-00дөн саат 12-00гө чейин же саат 15-00дөн саат 18-00гө чейин өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кворуму жок болгондугуна байланыштуу шаардын мэри шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы 10 календарлык күндөн кечиктирбестен шайлоону өткөрүү датасын кайра дайындайт».
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1) 4-бөлүктүн экинчи абзацы алып салынсын.
2) 26-бөлүк төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын: «Айыл өкмөт башчысын шайлоо саат 9-00дөн саат 12-00гө чейин же саат 15-00дөн саат 18-00гө чейин өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кворуму жок болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы 10 календарлык күндөн кечиктирбестен шайлоону өткөрүү датасын кайра дайындайт».
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 17-июну
№ 81