Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 12-мартындагы № 56 буйругу менен Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Сатаров, Сары-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынын ишеним көрсөтпөө жөнүндө 2015-жылдын 2-мартындагы № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 17-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 30-марты
№ 30
2015-жылдын 30-мартында жарыяланды