№ 52 2016-жылдын 2, 5 – мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 29 токтому менен 2016-жылдын 2-мартына дайындалган Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин; 2016-жылдын 17-февралындагы № 36 токтому менен    2016-жылдын 5-мартына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын өткөн шайлоо боюнча Баткен, Токтогул, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Баткен шаарынын шайланган мэри болуп Матказиев Гапарали Эргешович табылсын.

2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сулайманов Узакбек Кошалиевич табылсын.

3. Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Маканбаев Жеенбек Абдирасулович табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГАНЫН

ОРУН БАСАРЫ                                                А. ШАЙЫМКУЛОВА  

 

                                                    

Бишкек ш., 2016-жылдын 16 - марты

№ 52